• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Атамбаев камактагы тарапташтарын бошотууну суранды

11 Жетинин айы 2020 12:10 Бишкек Govori.TV

Кой-Таш окуясы боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда отурум башталып, ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева жазган.

Маалым болгондой, сот кылмыш ишинин фигуранттарына баш коргоо чарасын узартууну караштырууда.

Жолдубаева отурумда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, ««Альфа» кызматкери Үсөнбек Ниязбековду ким өлтүргөнү жакында ачыкка чыкмакчы», — деп билдиргенин жазды.

«Чындык эртели кеч жеңет. Усөнбек Ниязовду ким өлтүргөнү чыгат. Ошол эле качып кеткен Опумбаев, Джунушалиевдин сөздөрү чыгат. Мен отура берем. Жанымдагы Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязовду кое берип койгула. Чындыкка мен дагы кызыктармын Кой-Таш окуясы боюнча дагы, Батукаев иши боюнча дагы. Балдар мени сатпаганы үчүн отурушат», — деген ал.

Буга чейин Атамбаевдин жактоочусу бронхит илдетине кабылган мурдагы өлкө башчынын абалы жакшы болуп калганын, бирок дарылануусун улантып жатканын айткан.

Эске салсак, мурдагы президент кримтөбөл атыккан Азиз Батукаевди абактан бошоткон деген айып менен 11 жылга кесилген. Ал, мындан тышкары, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча айыптуу катары саналууда.

Количество просмотров: 41