• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Атамбаев казак оппозиционери Аблязовдун айткандарына жооп берди

26 Үчтүн айы 2022 16:09 Бишкек Govori.TV

Учурда абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязовдун айткандары боюнча жооп берди.

Атамбаев Аблязовдун айткандарын четке какты.

«Аблязов менен эч качан жолугушуп, сүйлөшкөн эмесмин. Ошондой эле эч нерсени макулдашкан эмесмин. Балким ага кимдир-бирөө жалган маалымат бергендир. Бирок менин Нурсултан Назарбаев менен мамилем 2016-жылдын сентябрь айынан кийин бузулганы жашыруун эмес» — деген Атамбаев.

Эске салсак, буга чейин казак оппозициясынын лидери Мухтар Аблязов өлкөдөгү нааразылык акцияларына эбак эле даярдана баштаганын айтып, андан кийин Кыргызстан аркылуу Казакстанга учуп келүүгө даярданып жатканынын билдирген. Аблязовдун айтымында ал бул боюнча ал Кыргызстандын абактагы мурунку президенти менен келишим түзгөн.

Аблязов Казакстанда өмүр бою эркинен ажыратылган. Россияда 60 млрд рублга жакын акчаны уурдоого айыпталып, 15 жылга сырттан кесилген. Аблязов учурда Францияда жашайт.

Количество просмотров: 2811