• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышат

28 Бирдин айы 2020 9:11 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон бөлүгүнүн расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ага ылайык, мурдагы президент Кой-Таш окуясы боюнча 2-мартка дайындалган соттук териштирүүгө катышарын билдирген.»Алмазбек Атамбаев сотко катышып, мыйзамсыздыкка жана укук бузууларга каршы чыккан тарапкерлеринин жанында болууну чечти» деп жазган Кундуз Жолдубаева.

2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, сотко өткөрүлгөн. Ишти Биринчи Май райондук соту карайт. Алгачкы жараян 2-мартта болот.

Кой-Таш окуясы Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупция, кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу сыяктуу ири сот иштеринин бири катары каралууда. Бир офицердин өлүмү менен коштолгон иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айып коюлган

Количество просмотров: 98