Бишкек. 31.08.2019. Govori.TV.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.
Куттуктоонун тексти толугу менен берилет:
Урматтуу кыргызстандыктар!
⠀
Бүгүн элибиз Эгемендүүлүктүн туусун кыргыз жерибизге бекем орноткон күндү майрамдап жаткан учур жана мен сиздерди ушул өзгөчө майрам менен чын жүрөктөн куттуктайм!
⠀
Өткөн 28 жыл ичинде Кыргызстан эли кыйчалыш кырдаалдардан өтүп, дүйнө мамлекеттеринин катарында эркин жана демократиялык өлкө катары өз ордун таба алды десем жаңылышпайм. Албетте баардык ойлогон иштер, кыялдар так максаттарына жеткен жок, бирок кылым карыткан кыргыз эли эгемендик үчүн өтө чоң курмандыктарга барганын сезе билишибиз абзел жана аны көздүн карегиндей сактап, гүлдөгөн мамлекетти кийинки муундарга өткөрүп берүү ар бирибиздин негизги максаттарыбыздын бири деп айтсам ашык болбос.
⠀
Ал эми бүгүнкү тарых алдындагы эң негизги милдетибиз – мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо, коопсуздугун бекемдөө, эл биримдигин чыӊдоо, экономиканы алга сүрөп, адилеттүү жана демократиялык коомду өнүктүрүү-деп айткым келет.
⠀
Эгерде биз келечекте күчтүү Кыргызстанды курууну кааласак, ал үчүн бизге тынчтык, ынтымак жана талыкпаган эмгек керек.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Дагы бир жолу сиздерди бүгүнкү Эгемендүүлүк майрамы менен чын дилимден куттуктайм жана бардык кыргызстандыктарга тынчтыкты, чың ден-соолукту, ынтымак-ырашкерликти, , бекем достукту, берекени, бактылуу жашоону каалайм.
Кыргызстаныбыздын асманы ачык, келечеги кең болсун!