Атамбаев менен Абдукадырдын чогуу түшкөн сүрөтү фейсбуктагы баракчалардын бирине чыкты. Иликтөөдөгү чуу жараткан Абдукадыр анда мурдагы президент Атамбаев жана жубай Раиса Атамбаева менен чогуу түшкөн сүрөтүн көрүүгө болот .

“Абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев каратып туруп калп айтуу, каратып туруп сатып кетүү жагынан башкалардан алдаканча айырмаланып тураарын элибиз жакшы билип калды. Ал 2011-жылы өзүн бийликке алып келүүгө эбегейсиз салым кошкон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн президенттик мөөнөтүндө жанына жакын жуутпай, баарын дүңүнөн саткан болчу. Роза Отунбаеванын колунан бийликти өткөрүп алып, анан кайра аны «самозванка» атаган. Анан эми өзү бийликте турганда кыйышпас достордой жүргөн Хабибулла Абдукадыр аттуу ишкерди бүгүнкү бийликке чаптагысы келип жүргөнүн кандай түшүнөбүз” – суроо калтырышкан.
Ал эми интернет колдонуучулар бул сүрөт фотошоп экенин жазышууда.
Булак: элдик мэдиа