• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Атамбаев: Мени өлтүрүп салсаңар да, оордума жүз миңдеген «Атамбаевдер» келет

17 Жалган куран 201915:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.03.2019.Govori.TV.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы уюштурган эскерүү митингде Атамбаев Жээнбековду бийликке алып келгенине өкүнүп жатканын айтып, элден кечирим сурады.

“Өмүр бою үй-бүлөлүк авторитардык режим менен күрөшүп келип ичин көрбөй, тышын гана көрүп ушундай адамды, ушундай үй-бүлөнү бийликке алып келгеним үчүн кечирим сурайм”,-деди Атамбаев.

Ал өз катасын оңдоого аракет кыларын жана чындыкты айтаарын белгиледи.

Жана ошондой эле экс-президент Атамбаев, «Мени өлтүрүп салсаңар да, оордума жүз миңдеген «Атамбаевдер» келет»,-деп кошумчалап өттү.

Количество просмотров: 40