• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Атамбаев Москвага жетти

24 Теке 2019 18:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.07.2019. Govori.TV.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев учкан «РусДжет» авиакомпаниясынын «ВС: RRJ-95B» учагы Москвага конду.  Бул тууралуу «Flight Radar-24.com» порталы жазып чыкты.

Мындан бир нече убакыт мурун, социалдык түйүндөрдө Атамбаев жана анын тарапташтары отурган учактын  багыты тез өзгөрүп, башка өлкөгө баратат деген сүрөттөр жарыяланган эле.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев бүгүн саат 13:47 де Канттагы авиабаза аркылуу Москвага учкан. Ошондой эле, Атамбаев тарапташтары менен коштошуп жатып, эртең кайра кечке жуук кайтып келе тургандыгын билдирген.

Количество просмотров: 17