• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаев: Орусия Кыргызстанга стратегиялык өнөктөш экенин далилдеди

25 Теке 201915:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.07.2019. Govori.TV

Экс-президент Алмазбек Атамбаев РФ президенти Владимир Путин менен жолугушуусуна комментарий берди.

Мурунку өлкө башчысынын пикирин КСДП партиясынын саясий мүчөсү Кундуз Жолдубаева соц түйүндөрдө жазып чыкты.

Жогорку денгээлде өткөрүлгөн жолугушууга мурдагы президент ыраазычылык билдирип, «Орусия дагы бир жолу Кыргызстандын стратегиялык өнөгү жана досу экенин далилдеди. Бирок, ички проблемадарды өзүбүз чечебиз. Биз, Кыргызстандагы жана региондордогу абал жөнүндө сүйлөштүк. Саясий туруктуулук өлкөбүзгө керек экенин, ал үчүн эки тарап тең бирге күч-аракет жумшаш керек экенин сүйлөштүк. Биз дагы бул эки тараптуу жол деп санайбыз. Азыркы бийлик укуктук нукка түшүшү зарыл. Соттук иштер акыйкат каралып, атаандаштарына карата жасалып жаткан саясий куугунтук токтотулушу керек. Менин тарапташтарым шайлоого тынч даярданууга мүмкүнчүлүк алышы керек. Бул тууралуу да Владимир Владимирович Путиндин Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүгө ниети бар. Өзүм жактан айта кетсем. Ушундай кадамдар Жээнбеков тараптан жасалаары менен оппозициянын талабы өзгөрүп, саясий чыңалуу да азаят. Биз дагы Кыргызстандын келечеги үчүн ошону каалап турабыз. Азыркы бийлик өлкөгө өнүгүү алып келген долбоорлорду ишке ашыруу менен алектениши керек. Биз жардам берүүгө даярбыз. Кыргызстандыктар Жээнебеков өлкөнүн келечеги үчүн иш алып барып жатканын көрүп, ал эми оппозиция келээрки шайлоого тынч даярданып жатканын сезгенде гана Владимир Путин менен жолугушууда сүйлөшкөн саясий стабилдуулук ошондо гана келет. Биз 3-июлдагы митингде билдиргендей бийликтен конкреттүү аракеттерди сентябрь айына чейин күтөбүз» –деди Атамбаев.

Количество просмотров: 16