Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.
Сот отурумуна мурунку президент Алмазбек Атамбаев конвойлордун коштоосунда алып келинди.
Бирок, көп өтпөй Алмазбек Атамбаев сот отурумунан чыгарылды.
Алмазбек Атамбаев сотко мажбурлап алып келүү боюнча чечимди уккандан кийин өзү келгенин билдирди.
«Мажбурлап алып келүү боюнча соттун чечими болгон. Бирок март айында омурткам жабыркады. Азыр алар айткандай тез жардам менен урушпай келем. Прокурор өтүнүч менен кайрылган. Омурткам жабыркаган. Мен көпкө отура албайм. Бул кыйноо”, — деди Алмазбек Атамбаев.