• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаев Россияга качан кете турганын айтты

19 Теке 201922:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.07.2019.Govori.TV.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө журналисттер менен болгон жолугушууда Россияга кете турганын билдирди.

«Кудай буюрса кийинки жумада кетем. Ооба, бир нече күнгө. Менин бир-эки күнгө кетишимди баары эле каалаган жок», — деди ал.

Мындан тышкары журналисттер Атамбаевге Кыргызстандан учуп кетүү жана кайра кайтуу боюнча кепилдик алып-албаганы боюнча суроо беришти.

«Мени чакырып жаткан адамдар мунун баарын жакшы жасарын билем. Бирок баары бир өзүңө, кудайга, чыныгы досторго ишенип, бирок баарына даяр болуу керек», -деди Атамбаев

Количество просмотров: 15