• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Атамбаев сотко келүүдөн дагы баш тартты

14 Тогуздун айы 2019 14:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-октябрда Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттун баштапкы отуруму болуп өттү. Соттук процесстин жүрүшүнө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келүүдөн баш тартып, соттук отурум 15-октябрга саат 14:00го жылдырылды.

Ал эми жактоочу Сергей Слесарев мурдагы президент тергөө изоляторунун жетекчилерине сотко барбай турганы боюнча бүгүн арыз жазып бергенин айтты.

Алмазбек Шаршенович күч органдары менен сот мыйзамды бузуп, бийликтин тапшырмасын аткарып жатат. Андыктан Батукаевдин иши боюнча сотко катышпайм»,-деп билдирди. Бирок сот анын билдирүүсүн эске алган жок ,-деди жактоочу Слесарев.

Атамбаевдин дагы бир жактоочусу Замир Жоошев: «Алмазбек Атамбаев «эгерде мени соттук отурумга күчтөп алып барышса, анда мен ачкачылык жарыялайм», деп билдиргенин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин 11-октябрда өткөн соттук отурумга Алмазбек Атамбаев келүүдөн баш тарткандыктан, алдын ала уктуруу 14-октябрь саат 14:00гө жылдырылган болчу.

Количество просмотров: 8