• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Атамбаев сотко келбей койгону үчүн отурум жылды

23 Жалган куран 2021 15:22 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 23-мартка белгиленген териштирүүгө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келген жок. Буга байланыштуу Алмазбек Атамбаев айыпталып жаткан иш боюнча соттук отурум болгон жок. Кйинки отурумдун датасы азырынча белгилене элек.

Жактоочу Сергей Слесапевдин айтымында, Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешелүү иште Атамбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган иш сотко келип түшкөн.

«Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешелүү иште Атамбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп шек саналууда. Тергөөнүн версиясы боюнча Атамбаев мектептин курулушу тууралуу кагазга «макулмун» деп кол коюп берген имиш. Мектеп Калыс-Ордого эмес, Өзгөнгө же Москва районуна курулушу керек болчу деген негизде иш козгоп жатышат», — деди адвокат.

Белгилей кетсек, Калыс-Ордодогу мектептин курулушунда коррупция болгон деген негизде Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматовго жана Албек Ибраимовго да кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө №47 колонияда жаткан Алмазбек Атамбаев 2019-жылы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы башаламандыкка, коррупцияга жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан чыгып кетишине байланыштуу да айыпталган.

Количество просмотров: 145