Бүгүн, 2-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча Атамабев сотко келген жок.
Маалыматка ылайык, Атамбаев саламаттыгы начарлаганын айтып, сотко келе албай турганын билдирген. Ошондой эле анын сот отурумун бир жумага жылдырууну өтүнгөн арызы судьяга берилди.
Арызга медициналык маалым кат тиркелген. Ал кагазда Атамбаевдин башы айланып, ооруп, жөтөлүп, алсырап жана бели да ооруп жатканы жазылган. Кийинки отурум 9-декбарь саат 14:00гө жылдырылды.