Биринчи май райондук сотунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук териштирүү баштап, ага эки айыпталучунун келбей калганынан улам соттук отурум жылдырылды.
Маалыматка ылайык, Абдухалим Раимжанов жана Алмазбек Атамбаев сотко келишкен эмес. Кийинки отурум 19-декабрга жылдырылды.
Эске салсак, мурунку мамлекет башчысычы Атамбаевдин кан басымы калыбына келип, өзүн жакшы сезип калганы айтылып, ал сотко алынып келинет деген маалымат болгон.
Буга чейин мурунку мамлекет башчы процесске катышуудан баш тартып, тергөө абагындагы камерадан чыкпай келген. Мындан улам соттук отурум жылдырылган.
Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.