Бүгүн, 3-мартта, Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча биринчи соттук отурум өттү. Ага бул иште айыпталуучу катары өтуп жаткандардын бири экс-президент Алмазбек Атамбаев алынып келинди.
Сот процессти жабык өтүп, журналисттер киргизилген жок.
Ал эми Атамбаевдин тарапташы, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина өзүнүн Facebook баракчасына сот залында отурган Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн жарыялады. Анда Алмазбек Атамбаев жактоочуларынын жанында олтурганын көрүүгө болот.