• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Атамбаев соттук отурумга дагы келбей койсо кандай чаралар көрүүлөрү айтылды

14 Тогуздун айы 2019 14:26 Бишкек Govori.TV

КРнын Башкы прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча соттук отурумга келбей, экинчи ирет камерадан чыгуудан баш тартса кандай чаралар көрүүлөрүн айтты.

Башкы прокуратуранын кылмыштык жана жарандык соттук өндүрүш башкармалыгынын улук прокурору Медербек Абдышев билдиргендей, 11-октябрь күнү Биринчи май райондук сотунда саат 10:00гө Атамбаев, Жолдубаева, Качкыналиев жана Раимжановдордун жазык иши боюнча алдын ала угууларды жүргүзүү дайындалган. Жазык процессуалдык кодексинин 170-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык алдын ала угуу жүргүзүү — бул өзгөчө оор кылмыштар боюнча жана бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу боюнча жол берилбей турган далилдерди жокко чыгаруу тууралуу өтүнүчтөр боюнча дайындалат. Ал эми жогоруда аттары аталган айыпталуучулар өзгөчө оор кылмыш боюнча айыпталып жаткандыгына байланыштуу алдын ала угуу жүргүзүү дайындалган.

“Мындан тышкары ошол күнү Атамбаев абак камерасынан чыкпай койгондугуна байланыштуу сот залына алынып келинген эмес. Ал тууралуу акт түзүлүп, отурум жылдырылган. ЖПКнин 275-беренесинин 4-бөлүмүнүн талаптарына ылайык, эгер айыпталуучу арыз менен кайрылып, анын катышуусу жок эле сотту жүргүзүүнү суранса, отурумду өткөрүүгө болот. Ал эми Атамбаев тарабынан мындай кайрылуу болбогондугуна байланыштуу процесс жылдырылган”,- дейт ал.

Абышев билдиргендей, бүгүнкү отурум да жабык өтөт. Процесске төрага, мамлекеттик айыптоочулар, жактоочулар жана айыпталуучу гана катышат.

Кабарчылардын Атамбаев кайрадан абак камерасынан чыгуудан баш тартса эмне болот деген суроосуна, Абышев бул маселе отурумдун жүрүшүндө, мыйзам чегинде чечилет, деп жооп берди.

Эскерте кетсек, А.Атамбаев, И.Жолдубаева (Президент аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиев (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурунку жетекчисинин кеңешчиси) жана А.Раимжанов (Гематология улуттук борборунун мурунку директору) коррупцияга айыпталууда.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш тарабынан мурдагы президент А.Атамбаевдин “экс-президент” макамын алуу боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия ишинин жыйынтыгында Атамбаев бир катар кылмыш иштерге тиешеси бар деген чечимге келген. Атап айтканда, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо бир катар коррупциялык схемаларга, кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу, Бишкек ЖЭБне көмүр сатып алууда коруупциялык схемаларды түзүү, Кой-Таш айылында жерлерди мыйзамсыз алуу жана акча чыгарууларга тиешеси бар.

Убактылуу комиссиянын тыянагында А.Батукаевди бошотуу Атамбаевдин тапшырмасы менен болгондугу көрсөтүлгөн.

Учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

2006-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун райондук соту Азиз Батукаевди бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн 16 жыл жана 8 айга эркинен ажыраткан.

Бирок, Атамбаев Батукаев уюшкан кылмыштуу топтун лидери, коомчулукка жана мамлекетке абдан чоң коркунуч алып келүүчү адам экендигине карабастан, КР УКМКнын төрагасы Ш.Атахановго аны ар кандай себеп менен абактан бошотуу тууралуу тапшырма берген.

8-августта кечинде Атамбаев кармалган. Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин камакка алынган. Кийин Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узарткан.

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 145