Башкы прокуратуранын жазык жана жарандык иштер боюнча башкармалыгынын улук прокурору Медербек Абдышев райондук сот кийинки отурумга Атамбаевди алып келүү тууралуу токтомду чыгарып бергенин айтты. Ал журналисттердин «Атамбаев күч менен алып келинеби?» деген суроосуна бүгүнкү отурумда андай сөз болбогонун белгиледи.
Абдышев эгер Атамбаев «сот ишин менин катышуумсуз өткөрө бергиле» деген арыз жазып берсе, сот отуруму уланмактыгын билдирди.
«Жазык процессуалдык кодексинин 286-беренесинин талаптарына ылайык, сот отуруму айыпталуучунун катышуусу менен болушу керек. Сотто Атамбаев бүгүн да «камерадан чыкпайм» деп айтканы тууралуу түзүлгөн актыны конвойдун жетекчиси бизге алып келип берди. Атамбаевдин жоктугуна байланыштуу сот отуруму жылдырылды. Эгер айыпталуучу менин катышуумсуз сот отурумун өткөрө бергиле десе, соттун ошондо гана ишти кароого укугу бар», — деди Абдышев.
Ал ошондой эле Атамбаев сотко келүүдөн дагы баш тартса, аны алып келүүнүн жолу кандай чечилери тууралуу суроолорго да жооп берди.
«Бул маселени эртең сот отуруму учурунда талкуулап, тактайбыз. Кандай чечим кабыл алына турганына өзүңөр күбө болосуңар», — деди Абдышев.
Атамбаевдин жактоочуларынын бири Сергей Слесарев сот Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан мурдагы президентти күч менен алып келүүнү талап кылып жатканын белгилеп, бирок алардын андай укугу жок экенине токтолду.