• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаев тарабынан бийликти узурпация кылганы тууралуу фактылар бар экени айтылды

20 Кулжа 201912:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.06.2019.Govori.TV.

Бүгүн ЖКнын жалпы жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу тууралуу маселе талкууланын жатат. Анда атайы тузулгөн депутаттык комиссиянын бүтүмү окулуп, депутаттар өз пикирлерин билдирүудө.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев Атамбаев тарабынан бийликти узурпация кылганы тууралуу жагдайлар табылганын айтты.

Анын айтымында Атамбаевдин убагында күнөөсүз адамдар жоопко тартылып, өзүнүн оппоненттерине карата репрессия орун алган. Мындан тышкары сөз эркиндиги кысымга алынган.

«Адилет» укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Джакупова тарабынан да маалыматтар келип тушкөнүн, бирок анын комиссия изилдеп чыкканга убактысы болбой калганын, анткен менен ал маалыматтарды Башкы прокуратурага жиберилээрин кошумчалап өттү. «Ал документтерде атамбаев тарабынан бийликти узурпация кылганы тууралуу шек бар деген чечимге келдик»,-деди Иманалиев.

Количество просмотров: 14