Бишкек.08.08.2019.Govori.TV.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапкерлерин бүгүн түштөн кийин «Форум» ишканасынын алдына чогулууга чакырды. Андан тышкары ал Кой-Ташта турган «Форумдан» кийин «Ак үйдүн» алдына барып, бул мөөнөтсүз митинг өткөрө тургандыгын билдирди.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаев түрмөдөн мыйзамсыз бошонуп кетишине байланыштуу буга чейин үч жолу ИИМге суракка чакырылып ага баруудан баш тартып келет.