Бүгүн, 24-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратында «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иштин соттук отуруму өтмөк. Айыпталуучулардын бири — мурунку президент Алмазбек Атамбаев.
Жактоочу Сергей Слесаревдин айтымында, отурумду Биринчи май райондук сотунда өткөрүүнү сурашкан.
«Судья өтүнүчтү канааттандырган жок. Ошондо Алмазбек Шаршенович процесске катышуудан баш тартып, чыгып кетти», — деди жактоочу.
Сот отуруму саат 14:00гө белгиленди.