• Шейшемби 28 Теке 2026
  • Вторник 28 Июль 2026

Атамбаев УКМКга жеткирилди

8 Баш оона 201921:22 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКга жеткирилди. Бул туурасында Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Ал эми, Кундуз Жолдубаева жана Штаб жетекчиси Кыяз Исмаилов, Фарид Ниязов ошондой эле Атамбаевдин жан сакчысы Канат ИИМдин имаратына киргизилишти.

Кундуз Жолдубаева ИИМге кирип бара жатып, журналисттерге Атамбаевди УКМКга алып кетишкенин маалымдады.

Учурда ИИМдин алдында Атамбаевдин тарапташтары турат.

Эркиндик бульвары менен Тыныстанов көчөлөрү жабык турат.

Количество просмотров: 15