Бишкек.21.02.2019.Govori.TV.
Президент Жээнбековдун рейтинги 3 пайыз болгонун экс-президент Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маегинде айткан.
Тилекке каршы Алмазбек Атамбаевдин рейтинги 3 пайыз болгондугун Эл аралык республикалык институту жарыялады.
Акыркы рейтинг боюнча коомчулук ишеним көрсөткөн саясатчылардын баркы төмөнкүдөй бааланды.
Президент Сооронбай Жээнбеков 27 %
Саясатчы Адахан Мадумаров 14 %
Өмүрбек Бабанов 13 %
“Ата Мекендин” абактагы лидери Өмүрбек Текебаев 9%
Камчыбек Ташиев 8 %
Сапар Исаков 4 %
Алмазбек Атамбаевдин баркы Сапар Исаковдон да төмөн болуп кеткен.
Мындан улам бийлик кимде болсо коомчулуктун ишенимин алуучулар да, буруучулар да ошолорбу деген ой келет. Ошентин ары-бери секирген 3% чынында кимдики делип талашка түштү.