• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Атамбаев Ысык-Көлдөн жер тилкесин мыйзамсыз алганбы?

21 Кулжа 201910:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.06.2019.Govori.TV.

«Kaktus.media» агенттигин иликтөө жүргүзүп экс-президент Атамбаев Ысык-Көлдөн жер тилкесин мыйзамсыз алганын жазды. Белгилей кетсек, буга себеп экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын корутундусунун пунктарынын биринде анын Чоң-Сары-Ой айылынан жер тилкесин мыйзамсыз сатып алганы да көрсөтүлгөнү себеп болгон.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун дарегине жазылган катта Чоң-Сары-Ой айылындагы 4,6 гектар жер тилкеси жер тууралуу мыйзамды бузуу менен «ФрунзеРезорт» ЖЧКсына мыйзамсыз берилип кеткени айтылат. Ал жер тилкеси мамлекеттик же коомдук муктаждык үчүн берилген эмес. Бул жерде Ысык-Көл акимчилигинин жана Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн укуктуулукка каршы иш-аракеттери себеп болгон. Андан кийин ал жер тилкеси экиге бөлүнүп, бирөөсү (2,63 га) Атамбаевге катталып, экинчиси (1,98 га) «Фрунзе Резортко» катталган. 
«Бригантина» аттуу мурдагы балдар лагеринин территориясындагы келечектеги беш жылдыздуу эс алуу борбору боло турган «Фрунзе Резорт» 2019-жылдын башына чейин «Аю» холдингинин ээси Шаршенбек Абдыкеримовго таандык болгон. 

«Kaktus.media» Чоң-Сары-Ой айылындагы курорттук-рекреациялык зонадагы жер тилкеси чындыгында эле Атамбаевге катталганбы, же катталган эмеспи деп Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылган. Натыйжада ал жер тилкеси Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин наамына 2018-жылдын январында катталганы белгилүү болгон. 

«Чындык» маалымат агенттигинин маалымыта караганда А. Атамбаев бул жер тилкесин «Фрунзе Резорттон» ошол кездеги президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Т. Коеналиев аркылуу сатып алган. Башкача айтканда, А. Атамбаев президенттик кызматтан кеткенине аз эле убакыт болгондо сатып алыптыр. Документтеги маалыматка ишенсек, аны 14,6 млн сомго сатып алган. 

Документтеги маалыматка ишенсек, аны 14,6 млн сомго сатып алган.
2017-жылдын 23-октябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылындагы аталган жер тилкесин «Фрунзе Резорт» ЖЧКсына убактылуу пайдаланууга берген токтомго кол койгон. Анан ал андан ары Атамбаевге жеке менчик болуп өтүп кетип жатпайбы.

Эми экс-ажо Бишкек ТЭЦи, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, ТЭЦке көмүр ташуудагы коррупция, Кой-Таштагы жер тилкесинин мыйзамсыз сатылып алынганынан сырткары Чоң-Сары-Ойдогу мыйзамсыз сатып алган жер тилкеси үчүн дагы мыйзам алдында жооп бериши керек болот.

Булак: 24.kg

Количество просмотров: 14