• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Атамбаев: «Зектердин» арасында мен да бармын

9 Тогуздун айы 2020 15:54 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги “Форум” ишканасынын алдында жүздөгөн адамдар катышкан митинг башталды. Анда президент Сооронбай Жээнбековго, Матраимовдордун үй-бүлөсүнө каршы ураандар айтылууда. 

Ал жакта сөз сүйлөгөн депутат Рыскелди Момбеков Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин соңку аракетин сынга алды.

“Элди экиге бөлбөй, укуктук жолго, мыйзамдуу жолго, ыймандуу жолго түшкүлө. Элиңерди топтоп аянттан чыгып кеткиле” деди Момбеков.

Жана ошондой эле Момбеков ЖК депутаттарына кайрылып, мыйзамдуу жолго келүүгө чакырды.

«Биз ыңкылыпты бектерди кетирип, зектерди алып келүү үчүн жасаган жокпуз», — деди.

Ал арада сөз сүйлөөгө чыккан мурунку президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп зектердин арасында мен да бармын деп, чогулгандарды күлдүрдү.

«Рысбек иним айтып жатат, ыңкылапты зектер үчүн кылган жокпуз деп. Менимче зектердин арасында мен да бармын. Бир жылдан ашык отурдум, ойлогом Сооронбай кеткиче олтурамго деп», — деди Атамбаев.

https://www.facebook.com/watch/?v=673053363344857
Количество просмотров: 5731