Экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкө башчылык кызматты тапшырган соң ал саясатка кайрадан киришип, өлкөдөгү №1 саясачы болоору жөнүндө жар салганы бар. Ал эми акыркы кырдаалдардан соң анын саясий келечеги кандай нукта жүрөөрү коомчулукта кызыгуу жаратпай койбойт.
Алмазбек Атамбаев кызматын өткөрүп бергенден көп өтпөй, саясатка кайра келгенин кабар кылып коомчулукка айтып чыккан.
Атамбаев өлкөдөгү №1 саясатчы болууга ниети бар экенин айтып чыгып ошол эле учурда чоң мамлекеттик кызматка олтурбасын кошумчалаган.
Саясатка кол түрүп киришкен экс-президенттин азыркы күндөгү негизги максаты КСДПнын башында туруп 2020-жылдагы шайлоодо ат салышаарын айткан.
Мындай абалда, «КСДПны ишеничтүү колго өткөрүп берген соң эс алууга кетем»,- деген Алмазбек Атамбаевдин оюу дагы кандай багытка бурулат деген сууроо жаралат.