Бишкек.22.07.19.Govori.TV.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Россияга 24-июль күнү учат. Бул тууралуу ал тарапташтары менен жолугуу учурунда журналисттерге билдирди.
Андан тышкары, экс-президент Россияда 2 күндөн ашык жүрбөй турганын айтып,аны аэропорттон кармап кетиши мүмкүн экенин кошумчалады.
Ал эми Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев буга чейин мурдагы президенттин чет мамлекетке чыгуусуна мыйзам жол бере турганын айткан.