• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Атамбаев & Жээнбеков. Президент тууганына карабаса, досуна да карабайт

6 Чын куран 2018 15:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.04.2018.Govori.TV

7-апрель революциясы акыркы жылдары мындай белгиленбей калган. Революционерлер деле бийликтен эч нерсе үмүттөнбөй, ар кимиси өз арбайын согуп калган эле. Ар кайсы жерде мини-митинг кылып эле жүрүп калышкан.  Быйыл эмнегедир бул датага аябай маани берилип жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков «Апрель баатырларын» кабыл алаары менен Сапар Исаков дагы кабыл алды. Алмазбек Атамбаев дагы Апрель революциянынын катышуучулары менен жолукту. Эми жолугушууда ар бири ар түрдүү сөздөрдү айтып жатат.

Алмазбек Атамбаев жолугушууда, маалымат жыйында  айткан оюн улап, «Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок», —деди. Баардыгы тең бул жерде президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков тууралуу кеп болуп жатканын айттырбай түшүнүштү.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков болсо — «ТЭЦке байланыштуу коррупциялык иштерди аягына чыгарам. Процесс кетти. Эми досума дагы карабайм» деди. 

Президент менен экс-президенттин айткандарын талдап отурсаң кызыктын баары эми болчудай болуп калды.

https://youtu.be/dVCvuvXMlDw

Количество просмотров: 31