• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаев Жээнбеков менен коньяк, арак ичип отурганын эскерди

17 Жалган куран 2019 16:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.03.2019.Govori.TV.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы уюштурган эскерүү митингде Атамбаев сөз сүйлөп, Ворухтагы абалды караган эч ким жок болуп жатканын айтты.

«Эмнеге мындай, ГКНБ, МВДнын иши башка болуп жатат. Ким Атамбаевди колдоп атат деген. Кылаар ишиңер жокпу? болбосо ошонун баарын топтоп туруп жибергиле чек араны кайтарышсын»,-деди Атамбаев.

Экс-президент кошумчалагандай, «Былтыр 29-мартта Сооронбай Жээнбеков үйгө келип, коньяк, арак ичип отурдук. Мен коньяк ичип коём, Кытайдан алып келген 10 граммдык рюмкам бар. Жээнбеков агын ичет. Калп десе күбөлөр бар. 4 сааттан ашык убакыт сүйлөшүп отурдук. Ошондо ал менден Асылбек Жээнбеков, Райымбек Матраимов тууралуу съездден айтпа деп суранды. Ноябрь аягында Райымбек Матраимов ким экенин, Сооронбай Жээнбековго шайлоодо акчаны ким бергенин билдим. Ага ачык айттым: «Соке, сени карап Бакиевди көрүп жатам». Бир жыл мурун айткан сөзүм чындык болуп чыкты».

Бүгүн, 17-мартта Бишкекте Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы болду. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, жарандык активист Адиль Турдукулов жана башкалар катышты.


Количество просмотров: 11