• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Атамбаев: ЖМКларды сотко берип ката кетирипмин

14 Бирдин айы 202318:48 Бишкек Govori.TV

Молдовановкадагы 27-колониядан чыккан экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Атамбаев санаалаштарына, адвокаттарына ыраазычылык билдирди. Атамбаев кылмыш иштерин чагылдырган ЖМК өкүлдөрүнө өзгөчө ыраазычылык билдирди.

«Мен биздин журналисттерге ыраазымын. Жалпысынан бардыгы объективдүү чагылдырылганын билем, анын ичинде ошол кезде мен сотко берген ЖМКлар да. Мен журналисттерге, редакцияларга ыраазымын. Басма сөз эркиндиги болушу керек. Мен ошол убакта чоң ката кетирдим деп ойлойм. Сотко арыз жазганда мен президент экенимди эске алган эмесмин. Президенттерге сотко бергенге болбойт. Биздин соттор чечимди күчтүү тараптан пайдасына чыгарып коюшат экен», — деди ал.

Количество просмотров: 323