• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Атамбаев жубайы менен жолукту

27 Баш оона 2019 12:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.09.2018. Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева жолдошу менен жолукту. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Раиса Атамбаеванын жолдошу менен кезигүү өтүнүчүн аткарды.

«Процедурага ылайык, алар дагы өтүнүч менен кайрыла алышат. Мурунку президент менен жубайы эмне тууралуу сүйлөшкөнү белгисиз. Жолугушуу канча убакытка созулганын дагы билбейм. Алмазбек Атамбаев өзүн жакшы сезүүдө, кармоо шарттарына карата нааразычылыгы жок», -деп билдирди жактоочу.

Эске салсак, 23- август күнү Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева жолдошу менен жолуктурууну суранган болчу.

Количество просмотров: 290