• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Атамбаевди кармоо операциясында жаракат алган Курманкулов “Эрдик” медалы менен сыйланды

1 Жетинин айы 201913:05 Бишкек Govori.TV

Москвада дарыланып жаткан Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов “Эрдик” медалы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Самат Курманкулов коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн “Эрдик” медалы менен сыйланды.

Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жаракат алган. Бир нече күн комада жатып, 11-августта Орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган.

Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордо ага кошумча анализдер дайындалып, жабырлануучуну аталган борбордун дарыгери, академик Александр Потапов бир сыйра кароодон өткөргөн.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев сентябрь айынын башында Курманкулов эсине келип, өз алдынча дем ала баштаганын жана кадимки палатага которуларын айткан.

Количество просмотров: 50