Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү, акын, блогер Темирлан Ормуковго издөө салынган. Бул тууралуу Ормуков биздин агентикке өзү кабарлады.
«Мен Бишкектин көчөлөрүндө кенен басып жүрсөм мага издөө жарыялашыптыр. Свердлов РИИБнин майору Эдил Момуналиев чалып издөө салынганын айтып, келип кетишим керек экенин айтты. Мунун барын кылып жаткан депутат Дастан Бекешов. Ал бир жума мурда Башкы Прокуратурага кайрылып Ормуков шаарда эле жүрөт деп арызданыптыр. Башкы Прокуратура Бекешовдун катын Свердлов РИИБге түшүрүп, алар мага издөө жарыялаптыр»,-деди Ормуков.
Ал эми депутат Дастан Бекешовго кайрылганыбызда-«Менин адвокаттарым билет. Ормуковго издөө салынганын биринчи угуп жатам. Экөөбүздүн соттошуу бүтө элек»,-деп билдирди.
Эске салсак, депутат Дастан Бекешов Темирлан Ормуковду жалаа жапты деп сотко берип, соттошуу бир топ убакыттан бери уланып келет.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …