Социалдык тармактарда Алмазбек Атамбаевдин №47 тергөө абагынан тартылган сүрөтү жарыяланып жатат. Сүрөттө мурдагы өлкө башчы бир нече эркектер менен сүйлөшүп турган.
Белгилей кетсек, Атамбаев Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулган иши боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде №1 СИЗОго алып келингенден кийин ачкачылык жарыялаган. 28-октябрда ал №47 абакка которулганын жактоочусу маалымдаган.