• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаевдин бөгөт чарасын узартуу маселеси УКМКда каралат

20 Баш оона 20199:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.08.2019.Govori.TV.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын узартуу боюнча тергөөнүн арызын карайт. Сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин имаратында бүгүн, 20-августта саат 9:00дө каралат. Бул тууралуу өзүнүн фейсбук баракчасына КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева жазды.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Биринчи май райондук соту аны 26-августка чейин камакта кармоо чечимин кабыл алган. 16-августта Бишкек шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Количество просмотров: 13