• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Атамбаевдин билдирүүлөрүн Мадумаров «кечиккен өкүнүч» деп баалады

21 Жетинин айы 2018 16:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.11.2018. Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы айткандары тууралуу комментарий берди. Ал мурдагы президенттин билдирүүлөрүн «кечиккен өкүнүч» деп баалады:

— Атамбаевдин берген интервьюсу боюнча, кечиккен махабат деген түшүнүк бар го. Бул өтө кечиккен өкүнүч. Кээ бир жерлерин туура айтып жатат. Бирок ошол туура айткан жерлерин бир жарым жыл премьер-министр, алты жыл президент — жалпы жети жарым жыл бийликте отурганда жасап коюшу керек эле. Менин командамды соту жок камап койду деп атпайбы. Ал нерсе мурда да болуп келген. Мына көптөгөн суроолорго жооп берилбей жатат деп атпайбы. Ал кезде да жооп берилген эмес. Кезинде мен өз колум менен жазып, 2011-15-17-жылдардагы шайлоолордогу ар бир мыйзам бузууларын дискке көчүрүп бергем. Кыргызстандагы мыйзам бузуулар боюнча фактылар менен дискти Сапар Исаковдун колуна тапшыргам. Бирок жооп берген жок да. Туура деп да, туура эмес деп да айткан жок. Бүгүн эми ушундай абалга кептелди. Биздикилердин акылы түштөн кийин кирет.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда «Апрель ТВ» каналына маек куруп, азыркы бийликти «Бакиевдин жолуна түштү» деп айыптады.
Ошондой эле Өмүрбек Текебаевдин камалышы жана журналисттер менен соттошуу жаатындагы суроолорго да жооп берип, «андай кылбасам деле болмок»,-деген таризде жооп берген.

Сооронбай Жээнбековдун командасы жана президенттин аппараты Атамбаевдин билдирүүлөрүнө азырынча комментарий бере элек.
Булак: Азаттык

Количество просмотров: 24