• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Атамбаевдин дагы бир тарапташы камакка алынды

19 Баш оона 2019 12:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.08.2019.Govori.TV.

Ички иштер министрлигинин бүгүн, 19-августта тараткан маалыматына ылайык, Кой-Таштагы 7-8-августтагы окуялар боюнча жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Фархат Баабиев аттуу жаран кармалды жана анын бул окуяларга тиешеси бардыгы аныкталды.

“16-августта Баабиевге жапырт башаламандык үчүн шектүү экени тууралуу маалымат берилип, Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал 9-октябрга чейин камакка алынды”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Фархат Баабиев мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы катары белгилүү.

Бир нече күн мурун интернетте анын катыштыгы бар деген, эки адам телефондон аймак аралык кастыкка үндөп сүйлөшкөн видео тараган.

Көп өтпөй Баабиевдин өзүнүн видео кайрылуусу жарыяланган. Ал Атамбаевди колдоо үчүн Кой-Ташка барганын, “бирок 7-8-августтагы окуялар көз-карашын түп-тамырынан өзгөрткөнүн, буга чейин айткан сөздөрүн толугу менен артка аларын” айткан.

Эске салсак, 7-8-августта аны Кой-Таштагы үйүнөн кармоо операциясы учурунда жүздөн ашуун адам жараат алган, бир офицер каза тапкан. 

Количество просмотров: 4