• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Атамбаевдин «экс» макамы боюнча ишти караган соттук коллегия бир судьяны курамынан чыгарды

23 Тогуздун айы 201913:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-октябрда Конституциялык палата Алмазбек Атамбаевдин экс-президент статусунан ажыратылганы боюнча маселени кароодо.

Анда Конституциялык палатанын судьясы Эркинбек Мамыров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктуулугун караган соттук коллегиянын курамынан чыгарылды

Буга сотко катышып жаткан Жогорку Кеңештин аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Чыңгызбек Бердимуратовдун соттук коллегиядан судья Эркинбек Мамыровду чыгаруу тууралуу өтүнүчү себеп болду. Ал Мамыров «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзам боюнча чечим кабыл алына электе эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жеке пикирин билдиргени үчүн бул ишти кароого катышпашы керек экенин айтты.

Мындан тышкары сотто Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгын коргогон жактоочу Нурбек Токтакунов жыйынга төрагалык кылуучу, Конституциялык палатанын жетекчиси Карыбек Дүйшеевди соттук коллегиянын курамынан чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирген.

Ал буга негиз катары Дүйшеев 2013-2014-жылдары Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгонун, ал эми Асылбек Жээнбеков президент Сооронбай Жээнбековдун иниси экенин айтып, кызыкчылыктар кагылышы болорун айтты. Соттук коллегия бул өтүнүчтү четке каккан.

Эске салсак, буга чейин КСДП партиясынын саясий кеңеши Кыргызстандын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу мыйзамсыз болгону тууралуу Конституциялык палага өтүнүч менен кайрылган.

Буга чейин Жогорку Кеңеш 27-июнда Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу боюнча токтом кабыл алган. Анда парламенттин 103 депутаты макулдугун берип, 6 депутат каршы чыккан.

Количество просмотров: 98