• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаевдин иниси суракка чакырылды

10 Баш оона 201915:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.08.2019.Govori.TV.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин агасынын уулу Нурбек Шаршенов жана тарапкери Кундуз Ажыбекова Улуттук коопсуздук комитетинин Чүй облустук башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, аларды УКМКнын кызматкерлери Кой-Таштагы мурдагы президенттин үйүнөн алып кетишкен.

Жолдубаева бүгүн ИИМге сурак берип чыкканын, азыр төртүнчү жолу чакырылып, кайра баратканын билдирди.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операция учурунда УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн кызматкерлери менен тарапкерлери ортосунда кагылышуу болгон. Анда жалпысынан 12 аскер жаракат алып ооруканага түшкөн. Бул операцияны жетектеп барган подполковник Үсөн Ниязбеков ок жеп каза болду.

8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ал 26-августка чейин камакка алынды.

Количество просмотров: 16