• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Атамбаевдин иш бөлмөсүнө үн тыңшагыч коюу аракети боюнча кылмыш иш козголду

30 Бугу 201910:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.05.2019.Govori.TV.

Башкы прокуратура мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүнө сүйлөшүүлөрдү угуучу жабдык орнотуу аракети болгону тууралуу маалымат боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 30-майда тараткан маалыматта: «Аталган макалаларда УКМКнын өкүлү делген адам КСДПнын кызматкерин экс-президент А.Атамбаев жана КСДПнын төрагасынын орун басары Ф.Ниязовдун иш бөлмөсүнө үн тыңшоочу каражат орнотууга тартканы белгиленген. Видеодо электр узарткычка үн тыңшагыч орнотулганы көрсөтүлгөн», — деп айтылат.

Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестри боюнча жобонун талаптарына ылайык, жасалган же даярдалып жаткан кылмыш же жорук тууралуу бардык маалымат сотко чейинки өндүрүшкө себеп болот. Жазык кодексиндеги 151-берене боюнча, ыйгарым укуктуу органдар жасалган кылмыш же жорук тууралуу маалыматты кабыл алып жана каттоого милдеттүү.

24-майда Аскер прокуратурасы тарабынан топтолгон материалдар Жазык кодексинин 186-беренесинин 1-бөлүмү (жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу), 189-берененин 2-бөлүмү (кат алышуу жашыруундуулугун бузуу) жана 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

«А.Атамбаевдин расмий арызы Башкы прокуратурага 27-майда түшкөн. Буга байланыштуу аталган арыз буга чейин башталган сотко чейинки өндүрүшкө кошулду. Анын жүйөлөрү тыкыр иликтенип, тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 14