• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаевдин иши боюнча прокуратура сурак кыла баштады

24 Кулжа 201913:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.06.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеӊеш 20-июнда «экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтом кабыл алып, Башкы прокуратурага жиберген. Токтомго 100 депутат «макул», беш депутат «каршы» добуш берди. Буга чейин Атамбаевге коюлган дооматтарды иликтеген депутаттык комиссия, алты иш боюнча мурдагы президентке тагылган кинелерди негиздүү деп тапкан.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, ушул тапта Атамбаев иши боюнча материал келип түшүп каралууда.

Айрым маалымат булактарына таянсак депутаттык комиссиянын отурумда сөз сүйлөгөндөр башкы прокуратурада сурак беришет. Бүгүн болсо экс-мэр Нарман Тюлеев чакырылган.

Эми парламенттин токтомуна прокуратурадан жооп келгенден кийин Жогорку Кеңеш кайра экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу маселесин карайт.

Количество просмотров: 28