• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Атамбаевдин ишине дагы бир берене кошулганы айтылды

2 Бештин айы 2019 10:12 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президенттин жактоочусу Алмазбек Атамбаевдин кылмыш ишине дагы берене кошулганын билдирди. Анын айтымында берене тергөөнүн буйруктарына баш ийбегендиги үчүн кошулган.

Алар тергөөнүн талаптарына, тергөөнүн чакырууларына баш ийбей жатат деп жазышыптыр, – деди Слесаров.

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Атамбаев сотко мажбурлоо жолу менен жеткирилгенин, ошол эле учурда ал тергөө абагынан алып чыгууда каршылык көрсөтпөгөнүн маалымдаган.

Жоошев айыпталуучулар менен алардын жактоочулары иш менен толук тааныша электигин, соттон убакыт сурашканын, анын жыйынтыгында жараян 6-декабрга жылдырылганын айткан.

Бул иш боюнча 15-ноябрдагы биринчи соттук отурумга Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тарткан. Анын жактоочулары Атамбаев иш боюнча бир да көрсөтмө бербегенин билдиришкен.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, андан ары «Манас» эл аралык аэропортунан Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Количество просмотров: 29