• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаевдин үйүндө кармалган атайын багыттагы аскерлер кайрылуусу жасашты (видео)

8 Баш оона 201912:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.08.2019.Govori.TV.

«Биз кыргыз элине ант баргенбиз. Кыргыз элине ар дайым кызмат кылабыз. Ушундай кырдаалда бизден кетсе, элден кечирим сурайбыз!» — деп айткан командир делген киши. Бул тууралуу видео интернетке жарыяланды.

Тасмада баштары таңылган үстүнкү кийимдери чечилген адамдар сүйлөп, абалдары жакшы экенин айтып жатканын айтып жатканын корүүгө болот.

Видео sputnik.kg

Кечээ ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов барымтага алынган аскерлерди эртең менен коё берүү боюнча сүйлөшүлгөнүн айткан. Азырынча ИИМ алардын бошотулганы туурасында кабар бере элек.

Ошол эле маалда Башкы прокуратура аталган факты 244-берене («Туткунга алуу») боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынганын билдирди.

Член кыргызского спецназа сдается сторонникам бывшего президента Алмазбека Атамбаева в его резиденции в селе Кой-Таш под столицей Бишкек 7 августа 2019 года.

Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын баштап, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Натыйжада эл менен кагылышуу болуп, операция ишке ашпай калган. Атышуудан 47 киши жабыркап, спецназдын бир жоокери каза тапкан. Ал эми Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов оор жаракат алып, учурда ооруканада кома абалында жатат.

Количество просмотров: 14