• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Атамбаевдин камакта калуу мөөнөтү узартылды

14 Үчтүн айы 2020 16:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-январда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум Улуттук Коопсуздук комитетинин (УКМК) имаратында уланып, мурдагы президенттин камакта калуу мөонөтү 15-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу анын жактоочусу сергей Слесарев билдирди.

«Соттук отурумда Алмазбек Шаршеновичтин баш коргоо чарасы жана соттук териштирүүнүн мөөнөтү тууралуу маселе каралды. Мыйзам боюнча Атамбаев камакта эмес, мамлекеттик күзөт кызматынын коргоосунда болушу керек. Ага карабай камакта калуу мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды», — деди жактоочу.

Эске салсак, Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Количество просмотров: 166