• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаевдин камалган мүлктөрүнүн арасына Ташиевдин телеканалы кандайча кирип калган?

16 Баш оона 201916:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.08.2019.Govori.TV.

Мурунку депутат Камчыбек Ташиев бийликке каршы чыгып Ак үйдүн тосмосунан секиргени али да көпчүлүктүн эсинде. Саясатчы бул кылыгы үчүн өзүнүн мүлктөрүнүн бирин берип кутулганы айтылууда.

Ишенимдүү булактардын айтымында «Ташиев ошол кезде өзүнө таандык болгон Жалал-Абадда жайгашкан телеборбор, ТВ студия, радио жана Канал-Дны берип эркиндикте калган. Белгилүү болгондой булар 7-канал деп аталган. Андан соң бул мүлктөр Икрам Илмияновдун аракеттери артында Атамбаевдин менчигине өткөн».

Ал эми Ташиев өз кезегинде 7-каналды сатып жибергенин айтып келген болчу.

Белгилүү болгондой бүгүн Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган мүлктөрүнүн тизмесин жарыялады. Узун тизменин ичинде жогоруда сөз болуп жаткан Канал-Д, ТВ студия, радио жана телеборбордун болуп калуусу суроолорду жаратпай койбойт.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августта камакка алынып, сот Атамбаевди 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагында калтырган.

Количество просмотров: 15