• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаевдин камалуусун талап кылгандар митингге чыгышты

1 Кулжа 2020 10:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-июнда Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясын иликтеген соттук отуруму өтүп жатат. Анда соттун имаратынын алдына Атамбаевдин жана башка Кой-Таш окуясы боюнча кармалгандардын тарапташтары колдоо максатында аларга боштондук талап кылып чогулушту.

Ал арада Атамбаевдин темир торго камалуусун талап кылгандар да соттун алдына чогулушту. Алар анын күнөөсүн далилдеп, камалып, жоопко тартылсын деген талаптарды коюшууда.

Эки тараптын ортосунда пикир келишпестиктер чыгып кетпөөсү үчүн ортодо милиция кызматкерлери иш алып барууда.

Ал эми чогулган эл бири-бирине түрдүү пикирлерди айтып, кайым айтышуу болуп жаткан чагы.

https://www.facebook.com/nextvchannel/videos/257768635445687/UzpfSTEwMDAwNDg1MzM4NDA0OTo5MDE2MzA4ODAyNjM2NTU/
Количество просмотров: 1081