• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Атамбаевдин кармалуусунда кандай мыйзам бузуулар катталган?

20 Баш оона 201913:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.08.2019.Govori.TV

Бүгүн, 20-августта Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын узартуу боюнча тергөөнүн арызын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратында карап, Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

«Жазык-процессуалдык кодекс «Экс-президенттин статусу жөнүндө» мыйзамдан дагы жогору турат. Анда өз ишмердигин токтоткон президент кармап кетүүгө, тинтүүгө кабылбашы керек деп жазылган. Атамбаев болсо өз ишмердигин токтоткон президент болуп саналат. Ал кодекстин нормаларына эч кандай өзгөртүүлөр киргизилген эмес. Демек, мыйзам жол бербесе дагы аны бузуу жолу менен Атамбаевди кармап кетишти»,- деди жактоочу Замир Жоошев.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал эми Биринчи май райондук соту аны 26-августка чейин камакта кармоо чечимин кабыл алган. 16-августта Бишкек шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Количество просмотров: 28