Бишкек.20.08.2019.Govori.TV.
Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Сот 20-августтун кечинде Атамбаевди 7-8-августтагы кармоо маалындагы мыйзам бузуу боюнча адвокат Сергей Слесаревдин арызын карап, ушундай чечим чыгарды.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камоо жөнүндө чечим кабыл алган. 16-августта Бишкек шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган.
Ал эми бүгүн, 20-августта Биринчи май райондук соту Атамбаедин бөгөт чарасын өзгөртүү маселесин карап, аны 26-октябрга чейин камакта калды.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 7-8-августта Кой-Таштагы үйүнөн кармоо операциясында жүздөн ашуун адам жабыркаган жана бир офицер каза тапкан.
Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген.