• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Атамбаевдин катышуусу күтүлүп жаткан соттук отурум жылдырылды

2 Тогуздун айы 2020 11:00 Бишкек Govori.TV

2-октябрга белгиленген соттук отурумга Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусу күтүлүп жаткан. Бирок, бүгүнкү отурум 7-сентярбга жылдырылды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, отурумдун жылып калуусуна мамлекеттик жактоочунун ходатайствосу себеп болгон.

Назначенный на сегодня судебный процесс по событиям в Кой-Таше отложен на 7 октября. Накануне поздно вечером секретарь…

Опубликовано Kunduz Zholdubaeva Четверг, 1 октября 2020 г.

Эске салсак, буга чейинки отурумда адвокат Сергей Слесарев Атамбаевдин соттук процесстерге катышуусун өтүнгөн.

7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

КР Башкы прокуратурасы билдиргендей, Башкы прокуратура КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 252-беренесине ылайык, ИИМдин Тергөө кызматынан түшкөн, Атамбаев А.Ш., Ниязов Ф.А., Карамушкина И.Ю., Кодуранова А.С., Жээнбеков Р.Б., Мискенбаев М.Д., Жолдубаева К.А., Сагымбаев К.Р., Шаменов М.Т., Карыпбек уулу Р., Баабиев Ф.Ж., Осмоналиев К.А., Капарбек уулу Н. жана Какебаев А.Э. Кылмыш кодексинин 39 жана 309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү), 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук), 337-берене (Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу), 244-берене (Барымтага алуу), 264-берене (Массалык башаламандыктар), 130-берене (Адам өлтүрүү), 39 жана 130-берене (Адам өмүрүнө кол салуу), 253-берене (Куралды мыйзамсыз жүгүртүү), 257-берене (Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу), 338-беренелеринде (Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу) каралган кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча айып актысы тиркелген 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши менен таанышып чыгып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Количество просмотров: 269