Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү баласы Кадыр Атамбаев Бишкек шаардык кеңешине жаңы депутат болуп келди.
Бүгүн, 30-июлда Бишкек шаардык кеңешинин 28-чакырылышы ишин баштады. Анда жаңы шайланган депутаттарга төш белгилер тапшырылды. 28 жаштагы Кадыр Атамбаев шаардык кеңешке «Социал-демократтар» партиясынын тизмеси менен келди.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо «Социал-демократтар» 5 мандатка ээ болушкан.