Бишкек.07.08.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө ок атылды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, атайын даярдыктагы аскерлер анын үйүн басып алууга аракет жасап жатат.
Ок атуунун кесепетинен бир нече адам жаракат алды. Алардын арасында ЖКнын мурунку депутаты М. Мискенбаев бар. Анын абалы оор экени айтылууда.